Туура тамактануу бардык адам үчүн керек. Жайында кандай тамактарга басым жасалат?

Sputnik
Саламаттыгыбыз тамактануубуздан түздөн-түз көз каранды. Мезгил алмашкан учурда биз рационубузга маани берип, көзөмөлдөшүбүз керек. Жай мезгилинде туура тамактануу үчүн жашылча-жемиштерге басым жасалат. Ошондой эле күн ысып, күн өтүп кетүү коркунучу да болот. Мындан улам сууну да көп ичүү сунушталат. Бирок буга газдалган, таттуу суулар кирбейт. Туура тамактанууну кыз-келиндер арыктоо үчун гана колдонгону туура эмес. Адамдын ден соолугу чын болуусу үчүн кыз-келиндер, уулгайган адамдар туура тамактанууну күнумдүк адатка айлантып алган жакшы. Анткени ал ар кандай ооруну алдын алат жана адамга жакшы маанай тартуулап, энергия берет. Ошондой эле туура тамактанууну балдарга да үйрөтүү зарыл экендигин эске салабыз.
Жайында кандай тамактарга басым жасаш керек жана анын пайдалуулугу тууралуу биздин “Көз мончок” уктуруусунан тыӊдаӊыз.