Жай келди! Кантип пайдалуу арыктаса болот?

Sputnik
Жай мезгили келүү менен адамдарда арыктоо маселеси дагы да курчуйт. Негизи туура тамактануу жана туура арыктоо өтө маанилүү. Анткени азыр ар кандай компаниялар түрдүү БАКтарды, арыктоотуучу каражаттарды сунуштоодо. Анын өзү организмди стресске алып келерин нутрицолог билдирди. Эндокринологдун айтымында, арыктоодо айына 2 килограмм салмак таштоо туура деп эсептелет. Ал эми БАК, ар кандай каражаттар менен айына 7-8 килограмм таштаса, кийин эки эсе салмак кошуу толук ыктымал.
Нутрицолог, врач-эндокринолог Асылкан Молдобаеванын айтымында, туура тамактанууда таттууну азайтуу керек. Ошол эле мөмөлөрдө фруктоза көп болгондуктан баарын катар же көп санда жей берүү туура тамактанууга кирбей калат.