Радио

Аламанов: суучулдар кээде кызмат маалында психологиялык соккуга кабылат

ӨКМдин суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов аталган кызматтын кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Суучулдардын көбү жасалма тиш менен жүрүп калат. Ошондой эле муздак суу беттин нервдерин жабыркатып, невритке кептейт. Бул тууралуу Сабыржан Аламанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, суучулдардын арасында да сөөктөн корккон же жийиркенгендер болот. Ушундай учурду унута албай же психологиялык сокку алып кызматтан кеткендер да кездешет.
"Суучулдун жумушу чынында татаал. Суу астында оор шаймандарды кошо алып жүрөт. Көтөрүп жүргөн шайманы эле 40-45 килограмм болот. Суу астында издөө иштерин жүргүзүп жатканда суучулдарды бардык шаймандары менен түшүрө албайбыз. Агын сууга суучулдун өзүн киргизүү да коркунучтуу. Анан көлмөлөрдүн астына суучулдарды киргизген да кооптуу. Көрүнбөгөн жерлер да бар. Суучул суунун астында жүргөндүктөн кандай гана жылуу кийимдерди кийбесин, баары бир эле ден соолугу жабыркайт. Анткени суу ар кандай болот. Бирде муздак сууга түшүүгө туура келсе, бирде кир же шар сууда жүрөт. Издеп жаткан адамды эртерээк тапканга аракет кылабыз. Себеби бизге ошончолук жеңил болот. Суу ичинде дем алуучу аппараттарды тиштеп турабыз. Анан тиш да жабыркайт. Суучулдардын көбү жасалма тиш менен жүрүп калат. Муздак суу беттин нервдерин жабыркатып, кызматтагы балдар невритке чалдыгып калышат. Суу түбүндө өлүк издеп жүрүп, күтүүсүздөн сөөк алдыңдан чыга калганда чочуп кетишиң мүмкүн. Ушундай учурду унута албай же психологиялык сокку алып кызматтан кеткендер да болот. Бирок ошого карабай медициналык жактан бекитилген иш-милдеттердин негизинде суучулдарга камкордук көрүлөт. Психологиялык жактан да абдан даярдайбыз" — деди Аламанов.
Ал каалагандардын баары эле суучул боло албай турганын кошумчалады.