Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Синоптиктердин бир айга божомолу

Көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 39 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги июлда өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болорун айтып, аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Чүйдө ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +20…+25 градуска чейин өзгөрүп турат. Күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чыгат.
Түштүк аймактарында — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айдын ичинде абанын орточо температурасы түнкүсүн +12…+17ден тарта +20…+25 градуска, күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чейин болот.
Ысык-Көл өрөөнү менен Нарын облусунда күндүз +17…+22 градустан +27…+32 градуска чейин ысыйт.
Бардык облустарда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу