Ноокатта селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2,7 тонналык жардам 30-июнда атайын рейс менен Ош шаарындагы аэропортко келген.

"Гуманитардык жардамдын курамы турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөн турат", — деп жазылган маалыматта.

28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан 9 адам каза болду. Акыркы табылган эки бала казакстандыктар экени аныкталган. Казак тарап гумжардам жеткирген учагы менен жарандарынын сөөгүн алып кетет.
Акылбек Жапаров Ноокаттагы селдин кесепетинин масштабын көрдү. Сүрөт