2-июлга карата аба ырайы

Эртеңкиге караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас өрөөнүндө +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +28...+33 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Ата калаасында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Аламанов: суучулдар кээде кызмат маалында психологиялык соккуга кабылат