Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?

Sputnik
Учурда маараке, салтанаттарды жаратылыш койнуна өткөрүү популярдуулукка ээ болууда. Мындайда албетте ашкана да жаныңда болгону жакшы. Келген коноктор менен кошо эс алууну каалаган кече ээлери кейтеринг кызматынан колдонушат. Келген конокторго бир гана даамдуу дасторкон, ийкемдүү тейлөө эле эмес, өзгөчө кооздук тартуулай алган бул бизнести түзүү да оңой эмес.
Кейтерингдик бизнестин күңгөй-тескейи тууралуу ресторатор Жайнак Исабеков өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп “Стммул” программасында болду.