Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу

Жума ичи көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлөт, ал эми абанын температурасы айрым жерлерде 37 градуска чейин чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 30-июндан 6-июлга чейинки күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында 30-июндан 2-июлга чейин жана 5-6-июль күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Синоптиктер 3-4-июлда дээрлик бардык региондордо күн ачык болорун божомолдоодо. Бирок апта башында көпчүлүк жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болору айтылды.

Чүй, Талас

Алдыдагы апта башы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө жаан-чачындуу болот. 3-4-июль күндөрү күн ачык болуп, 5-6-июль кайрадан өткүн өтөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 30-июнда, 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Өлкөнүн түштүгүндө 30-июнь, 1-3-июль күндөрү жамгыр жаайт. Калган күндөрү бийик тоолуу жана тоо этектериндеги жерлерде өткүн өтөт. 30-июнь, 1-2-июлда айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу ыктымал.

Ысык-Көл

Синоптиктер бир жума бою айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын айтууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-июнда жана 1-2-июлда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.

Нарын

Нарын жергесинде 3-4-июлда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жуманын калган күндөрү көчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
ӨКМ сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди