1-июлга карата аба ырайы

1-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп +30...+32 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы +32...+34, Чолпон-Атада +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу