Психолог: ыйлабай кармана берүү эркектер үчүн да зыян

Эмоцияны ичке батырып салууга да ресурс керектелет. Бул саламаттыктын бузулушун шарттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Эркектер үчүн да, аялдар үчүн да эмоцияны басып, ыйлагысы келгенде кармануу зыян. Бул тууралуу психолог Евгений Идзиковский Sputnik радиосуна курган маегинде билдирген.
Адистин айтымында, коомдо мырзалар ыйлаганын көрсөтпөшү керек деген түшүнүк болгону менен эмоцияны чыгарбай баса берүү адамдын психологиялык абалына да, саламаттыгына да кедергисин тийгизет.
"Эмоция – психиканын иштешинин маанилүү бөлүгү. Улам-улам эле эмоцияны чыгарбай баса берүү аягында психосоматикалык абалга кептейт. Себеби эмоцияны ичке батырып салууга да ресурс керектелет. Дагы бир жагдай – адам бир гана негативдүү эмоциясын басып сала албайт, эгерде ал кайгы-капасын жутканга үйрөнгөн болсо, анда жашоонун жакшы нерселерин да абдан кубанып, кубанычын сыртка чыгарып кабыл ала албай калат. Ошондон улам аялдар "эркектер мерез, жылуулук тартуулап, жөн деле кучактап койгонду билбейт, балдар менен ойнобойт" деп нааразы болушат", — деген психолог.
Идзиковский эркектер кайгырып турганда аны колдоо маанилүү экенине токтолгон.
"Мырзалар кайгырганын, алсыздыгын, ыйлаганын көрсөтпөшү керек деп көнүп калганбыз. Бирок мырза кыжалат болуп турганда аял анын жанына отуруп, кучактап, ал ыйлап жеңилдеп алышына мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындан тышкары, биз тынчтандырабыз деп эле "кыжалат болбо", "кайгырба" деген сөздөрдү айта бергенди адатка айлантканбыз. Бирок адамдар сезимдердин пайда болбой коюшун башкара албайт да. Бул сөздөрдү айтып жатканда биз соороткондой болгонубуз менен анын кайгысынын салмагын тоготпогондой сезимди жаратабыз", – деп түшүндүргөн адис.
Психолог жагымсыз эмоциялардан арылуунун кажети жок деп белгилейт. Анткени ал бук азыр болбосо башка учурда баары бир чыгат.
"Ошол жагымсыз эмоция эмнеден улам болуп жатканын таап, себептеринен арылуу керек. Эмоция – жөн гана сигнал эмес, абалды сүрөттөп көрсөтүүчү нерсе. Аны менен күрөшүүнүн кажети жок, коркунучу да жок. Эмоция – бул жөн гана сезим", — деп сөзүн жыйынтыктаган Идзиковский.
Психолог бири-биринен чарчадык деген түгөйлөрдүн жаңылыштыгын айтты