Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Жапаровдун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында кичи ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өкмөт башчы капсуланы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында салган.
1 / 3

Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты

2 / 3

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өкмөт башчы капсуланы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында салган

3 / 3

Салтанатта минкаб башчысы Орто-Токой суу сактагычына курула турган кичи ГЭС Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кыларын айтты

Салтанатта минкаб башчысы Орто-Токой суу сактагычына курула турган кичи ГЭС Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кыларын айтты.
"Биз энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз. Өлкө президенти жакында эле Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди, Папан суу сактагычында жакынкы арада ГЭСтин курулушу башталат. Улуттук долбоор — Камбар-Ата-1 ГЭСи күч алууда, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлдү. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык өлкөгө айлануусуна шарт түзөт", — деди Жапаров.
Аталган ГЭСтин кубаттуулугу 21 мегаватт болот. Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен "Чакан ГЭС" ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн.
Чүйдө кубаттуулугу эки мегаватт болгон Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке берилди