ММК фонду: камсыздалган, полиси барларга кант диабетине анализдер акысыз

Оорунун алгачкы белгилери байкалса диагноз койдуруу жана дарылануу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же эндокринологго тезинен кайрылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кант диабетин аныктоо үчүн анализдер камсыздалган жана полиси бар жарандар үчүн акысыз. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Фонд билинбей өрчүгөн кант диабетин өз убагында аныктоо мүмкүн экенин эскертет.
"Эгерде оорунун алгачкы белгилери байкалса, диагноз койдуруу жана дарылануу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же эндокринологго тезинен кайрылуу керек. Кабыл алуу, консультация алуу, канды жана заараны анализдөө, көрсөткүчтөр шек жаратса кошумча изилдөөлөрдөн өтүү бардык камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде ММК полисин сатып алган адамдарга акысыз жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кант диабети эки түргө бөлүнөрүн жана алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар экени айтылган.
Витамин менен минералдарды кайсы убакта ичиш керек? Адистин кеңеши