Көөнө Сөз

Талантбеков: улуу баянда "бадрек" деген сөздүн кош мааниси бар

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Бадрек" сөзүн түз мааниде бузуку, ал эми өтмө мааниде эр жүрөк, жалтанбаган баатыр, күчтүү деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосунда бул сөздү эки вариантта тең колдонулганын кездештирүүгө болот.
"Бадректин биринчи мааниси кара ниет, бузуку дегенди билдирет. Экинчи вариантта кээде эр жүрөк, кайраттуу, жалтанбаган баатыр, жолборс мүнөз, өзгөчө күчтүү деген мааниде дагы колдонулган учурлар бар. Кытай-калмак баатырларын сүрөттөгөн саптарда бул сөз көп кездешет", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр тилдин байлыгы экенин кошумчалады.