"Хандык" уюштуруп алган. ТИМ Пакистандагы элчинин иштен алынган себебин айтты

Белгилей кетсек, ал "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" деген жүйө менен президенттин жарлыгына ылайык кызматтан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Улан Тотуяев эмне себептен кызматтан бошотулганын түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, ал "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" деген жүйө менен президенттин жарлыгына ылайык кызматтан алынган.
ТИМдин түшүндүрмөсүнөн негизги учурлар:
Тотуяев ага ишенип берилген Пакистандагы мекемеде өзүнө "хандык" уюштуруп алган. Элчиликтин жамааты бул боюнча ТИМге кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн;
элчиликтин кызматкерлерине шарт түзүлбөй, этикага туура келбеген, орой мамиле жасалган. Алар жатакана тибиндеги батирлерде жашоого мажбур болушкан;
ошол эле маалда элчи өзү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн резиденцияда "падышалык" шарттарда жашаган;
элчиликке төрт унаа берилсе, экөөнү элчи жубайы менен колдонгон. Кызматкерлер калган эки унааны пайдаланган;
ТИМдин коллегиясында Тотуяевди кызматтан бошотуу боюнча чечим кабыл алынып, сунуш президентке киргизилген;
Тотуяев жогоруда айтылгандар боюнча ЖМКга берген маегинде этикага сыйбаган, купуя маалыматты ачыктап салган.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчисин алмаштырды