Аптаптуу ысыктан улам Пакистанда күнүнө 100дөн ашык адам көз жумууда

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Пакистанда аптаптуу ысыктан улам кеминде 427 адам каза болду. Бул тууралуу Independent маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Карачи шаарында эле төрт күндүн ичинде ушунча адам көз жумган.
Алардын көпчүлүгү үй-жайсыздар, көчөдө жашагандар жана баңгилер экени белгиленген.
Түштүк Азияда быйыл мээ кайнаткан ысык болуп, күндүн табы 50 градуска чамалап барууда.
ЖМК: ажылыкка барып Сауд Арабияда көз жумгандардын саны 1000ден ашты