Байден чек арачылар аны колдоорун айтты, бирок алар муну четке какты

АКШнын чек ара коопсуздугу боюнча комиссарынын мурдагы орун басары Рональд Витиелло АКШ президенти Жо Байдендин анын администрациясынын ийгиликтүү чек ара саясаты тууралуу айтканын болбогон кеп деди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Дональд Трамп менен дебат учурунда чек арачылардын улуттук кеңеши аны колдогонун айтып, анын саясатынан улам түштүк чек арада мурдагы президенттин убагына салыштырмалуу кыйла жакшы экенин белгилеген.
РИА Новости билдиргендей, АКШнын чек арачыларынын улуттук кеңешинин вице-президенти Дель Куэто алар Байденди эч качан колдобогонун жана колдобой турганын билдирген.
"Байдендин администрациясынын биринчи иш күнүнөн бери чек араларыбыз талкаланууда. Чек арачылар биримдиги президент Байденди эч качан колдогон эмес жана колдобойт. Биз Дональд Трампты колдойбуз", — деген Куэто.
АКШнын чек ара коопсуздугу боюнча комиссарынын мурдагы орун басары Рональд Витиелло "АКШ президенти Байдендин анын администрациясынын ийгиликтүү чек ара саясаты тууралуу айтканы болбогон кеп" деди.
Мурдагы аткаминердин айтымында, ал тургай Мексика менен чек араны мыйзамсыз кесип өткөн мигранттарга АКШдан саясий баш паанек берүүгө убактылуу тыюу салган президенттин жарлыгы да кырдаалга жардам берген жок.
Витиелло белгилегендей, АКШда мыйзамсыз иммигранттардын агымы жайыраак болсо да, чек арачылар менен жолуккандан кийин "миңдеген адамдар" кое берилүүдө.
АКШда акыркы айларда мыйзамсыз миграциянын рекорддук деңгээли катталууда. Чек арачылар 2023-жылдын декабрында чек араны 302 миң ирет мыйзамсыз кесип өтүүнү катташкан. Бул бир ай үчүн эң жогорку көрсөткүч. Кошумчалай кетсек, АКШда президент Байден жетектеген үч жыл бою мыйзамсыз иммигранттардын рекорддук саны катталган.
Трамп Украина Россия менен болгон кармашта жеңилип баратканын айтты