БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Билим берүүгө 40 миллион доллар бөлүүнү караган макулдашуу Жогорку Кеңеште ратификацияланды. Азия өнүктүрүү банкынын бул каражаты билим берүү тармагына, анын ичинде мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүгө пайдаланылат.
Макулдашууда бул сумманын жарымы грант, калганы 32 жылдык кредит экени белгиленген. Анын 8 жылы жеңилдетилген делип, үстөгү бир пайыз болсо, андан кийин 1,5 пайыз менен төлөнөт.
Долбоор үч компонентти камтып, анын алкагында төмөнкүлөргө колдоо көрсөтүлөт:
мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын кайра карап чыгуу;
предметтик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн ченемдик базаны түзүү;
6-12-класстар үчүн предметтик стандарттарды кайра карап чыгуу;
Кыргыз билим берүү академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин окуу китептерин баалоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн потенциалын жогорулатуу;
предметтик стандарттарды иштеп чыгуучулардын потенциалын өнүктүрүү;
мугалимдер үчүн кесиптик стандарттарды бекитүү;
педагогикалык адистиктер боюнча билим берүү стандарттарын жана жогорку кесиптик билим берүүнүн педагогикалык программаларын кайра карап чыгуу;
стимул берүүнү жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү жакшыртуу үчүн мугалимдердин эмгек акысынын түзүмүн кайра карап чыгуу;
педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо;
мектепте окутуу үчүн педагогикалык эмес багыттагы билимге ээ болгон адистер үчүн педагогикалык жогорку окуу жайларда кошумча педагогикалык квалификацияны тездетип алуу программасын киргизүү;
тилдерди жана STEM-предметтерди окутууга басым жасоо менен жаңыланган предметтик стандарттарды колдонуу боюнча 10 000 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу;
улуттук административдик, илимий-педагогикалык жана финансылык көз карандысыздык менен атайын статус берүү менен өлкө боюнча инновациялык мектептер тармагын кеңейтүү жана чыңдоо;
23 инновациялык мектептин жана КБАнын инфраструктурасын модернизациялоо;
53 инновациялык мектепте STEM-предметтерди окутуу үчүн лабораториялык жабдууларды жана маалыматтык-коммуникациялык жабдууларды жаңылоо, ошондой эле 220 кластердик мектепте лабораторияларды жабдууга жана интернет тармагын чыңдоо;
мектептердин директорлору жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери үчүн мектептерди башкаруу жана натыйжалуу тармактык өз ара иштешүү боюнча окутуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.