КР футболчуларынын дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турдагы атаандаштары аныкталды

Беттештер быйылкы сентябрдан тарта 2025-жылдын июнь айына чейин болот. Бул этапта Кыргызстан 10 ирет оюн талаасына чыгып, жарымын өз үйүндө өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турундагы атаандаштары белгилүү болду.
Чүчү кулак Куала-Лумпурдагы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) штаб-квартирасында өттү.
Кыргызстандык "ак шумкарлар" туш келген тайпа:
Иран;
Катар;
Өзбекстан;
БАЭ;
Кыргызстан;
Түштүк Корея.

Регламент

Азия футбол конфедерациясынын аймагындагы тандоо бир нече этаптан турат, анын ичинен экөө аяктагандыктан, төмөндө боло тургандарын бердик.
Үчүнчү раунд: 18 команданы үч топко бөлөт. Тагыраагы, ар биринде алтыдан курама команда болот. Алар өз ара эки — үйүндө жана башка талаада матч өткөрөт.
Ошентип бул этапта Кыргызстан 10 ирет намыс талашса, анын жарымын өз талаасында өткөрөт. Ар бир тайпадагы мыкты делген эки команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегенде 4-этапка кирет. Ал эми топтогу бешинчи, алтынчы командалар, кийинки дүйнөлүк (2030-жылдагы) биринчиликке даярданууга мажбур болушат. Беттештер быйылкы сентябрдан тарта 2025-жылдын июнь айына чейин болот.
Төртүнчү раунд: алты команда (өткөн раундда 3,4-орунду ээлегендер) үчтөн болуп эки топко бөлүнөт. Жеңгендер дүйнө чемпионатына чыкса, экинчи орунду ээлеген курама командалар бешинчи раундга, ал эми үчүнчү орундагы спортчулар тандоого катышпайт.
Бешинчи раунд: мурдагы турда экинчи орунду ээлеген эки курама команда бири-бири менен ойнойт. Жеңгендер Түштүк Американын командасына каршы континенттер аралык плей-офф оюндарына чыгат.
Демек, АФК алкагында беш раунд өтөт да, андан кийинки беттеш акыркы жолдомо үчүн болот.
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат