Боливияда төңкөрүш жасоого аракет кылган үч аскер башчы кармалды

Башаламандыктын башында армиянын жетекчилигинен бошотулган генерал Хуан Хосе Сунига турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Боливияда төңкөрүш кылууга аракет кылган үч аскер башчы кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, генерал Хуан Хосе Сунига, Аскер-аба күчтөрүнүн генералы Марсело Хавьер Сегарра жана вице-адмирал Хуан Арнес Сальвадор милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Шаршембиде жергиликтүү ЖМКлар өкмөттүн имараттары жайгашкан Ла-Пастагы Мурильо аянтында аскерлер топтолуп жатканын кабарлашкан. Аянтка атайын техника тартылып, президенттик сарайга кирүүгө аракет болгон. Башында армиянын башчылыгынан бошотулган генерал Хуан Хосе Сунига турганы айтылган эле. Боливиянын лидери Луис Арсе демократияны урматтоого чакырып, болуп жаткан окуяларды төңкөрүш аракети деп атап, көптөгөн чет мамлекеттердин башчылары аны колдоп чыгышты.
Ла-Паста башаламандык үч саатка созулган. Бул учурда президент өзүнүн сарайында болуп, улутка кайрылуу жасады. Ошондой эле армиянын башына жаңы жетекчи дайындалып, ал аскерлерди тароого чакырган. Аскерлер буйрукту аткарып, ал эми генерал Хуан Хосе Сунига кармалган.
Өлкөнүн ИИМи башаламандыктан тогуз киши жабыркаганын маалымдады.
ЖМК: төңкөрүш тууралуу эскертүүдөн кийин Эрдоган түндө чукул жыйын өткөрдү