Садыр Жапаров инисинин кызы Лазат Нуркожоева үчүн кечирим сурады

Буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, туугандары боюнча талкууларга комментарий берген.
Буга чейин мамлекет башчынын инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда ӨКМдин учагы колдонулуп, соцтармакта кызуу талкуу жараткан.
Өлкө башчы маегинде келечектеги күйөө баласын сынга алып, президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин белгилеген.
"Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгону жатсам элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып жаткандан кийин баш тартмак эмес да. "Күлгөнгө күлө жетем" деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм", — деген ал.
Өлкө башчы ӨКМге тик учактар өз баасын актап, жаңыларын алуу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилгенин айткан.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров жакшылык-жамандыкта ысырапкорчулукту азайтууга чакырган.
"Пилди да алып киришмек". Акылбек Жапаров тойлордогу жоруктарды сындады