Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги Пентагонго кырдаалдын курчуп кетүү коркунучун эскертти

Шейшембиде CNN телеканалы аткаминерлерге шилтеме кылып Ак үй Украинада аскердик подрядчыларды жайгаштырууга салынган тыюуну алууга ниеттенип жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен Пентагондун башчысы Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинадагы жаңжал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, баарлашуу америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулган.
"Белоусов Украинанын Куралдуу күчтөрүн америкалык курал-жарак менен камсыздоо уланып жатканына байланыштуу кырдаалдын мындан ары курчуп кетүү коркунучун эскертти. Мындан башка дагы маселелер талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Шейшембиде CNN телеканалы аткаминерлерге шилтеме кылып Ак үй Украинада аскердик подрядчыларды жайгаштырууга салынган тыюуну алууга ниеттенип жатканын билдирген. Жо Байден мындай чечимди кабыл ала электиги, бирок колдосо демилге быйыл эле ишке ашырылары белгиленген.
Телеканалдын өздүк булактары аскердик подрядчылар Украинанын Куралдуу күчтөрү колдонгон техниканы оңдоп-түзөө жана тейлөө боюнча иштерди ыкчамдатарына үмүт артканы айтылган.
Соңку убакта Батышта Украиндагы жаңжалга түз кийлигишүү боюнча кептер көп айтыла баштады. Маселен, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киев жардам сураса аскерлерди жиберүү мүмкүндүгүн айткан. Ал ошондой эле "көп өлкөлөр" мындай ниетин колдогонун билдирген.
Анткен менен Макрон өлкө ичинде да, союздаштарынын арасында да сынга кабылган. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс Украинага аскер жөнөтпөй турганын жана Киев андай өтүнүч жибербегенин белгилеген.
Кремлде мындай кадамдар абалды болуп көрбөгөндөй курчутарын айтып, өзгөчө көңүл бурууну жана чара көрүүнү талап кылган жагдай экенин белгилеп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Севастополго жасалган чабуулга ким жоопкер экенин билбестигин айтты