27-июнга карата аба ырайы

27-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 27-июнь, бейшембиде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...39, Талас облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39 градус, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +25...+30 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +36...+38 градуска жетсе, Ош шаарында +34...+39 градус болору күтүлүүдө. Ал эми Чолпон-Ата шаарында жамгыр жаап, +26...+28 градус жылуу болору болжолдонду.
Радио
Быйыл ЖРТдагы орточо упай эң жогорку көрсөткүчкө жетти