БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 2023-жылы аскерий чыгымдар 1990-жылдан тарта эсептегенде рекорд жаратып, киши башына эсептегенде 306 долларга жетти. Бул туурасында Росконгресстин докладында айтылганын РИА Новости жазды.
Доклад "Фрагментация жана начар өсүш: глобалдуу экономикалык тренддер — 2024" деп аталат.
"Дүйнөлүк ИДПдагы аскерий чыгымдардын үлүшү деп аныкталган дүйнөлүк аскердик оор жүк мурдагы жылы 2,2 пайыздан тарта жогорулап отуруп, 2023-жылы 2,3 пайызга жеткен. Мамлекеттик чыгымдардын үлүшүндөгү бул жааттагы орточо чыгымдар 0,4төн 6,9 пайызга чыкты, ал эми дүйнө боюнча жумшалган акчалар 1990-жылдан тарта эң жогорку чекке жетип, жан башына 306 доллардан туура келди", — деп айтылган Стокгольм институтунун дүйнөлүк көйгөйлөрдү иликтеген документинде (SIPRI).
Эксперттер 2023-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар тогуз жыл катары менен улам өсүп, баш-аягы 2,443 триллион долларды чапчыганын айтышууда.
"6,8 пайыздык өсүш жылдык көрсөткүч менен алганда 2009-жылдан тарта эң көп болуп, глобалдуу чыгымдар SIPRI байкоо салгандан берки убакытта эң жогорку деңгээлге жетти",— деп айтылат документте.
Авторлордун айтымында, былтыр аскердик чыгымдардын оор жүгү Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин мойнуна түшүп, ИДПнын 4,2 пайызын түзгөн. Алардан кийинки орунда Европа (2,8 пайыз), Африка (1,9), Азия жана Океания (1,7), Түндүк жана Түштүк Америка (1,2 ) турду.
"Алдыңкы курал-жарактардын жана аскердик техникалардын чыгымдары илимий-изилдөө жана тажрыйба жүргүзгөн конструктордук иштерди активдүү каржылоого байланыштуу болгону менен амуниция, снаряддар жана тез сарпталып кетүүчү башка нерселердин чыгымдарына дээрлик кошумча нарк коюлбайт. Ошол эле учурда көбөйгөн аскердик чыгымдарды каржылоо өкмөттөрдөн карызды көбөйтүүнү же салыктарды жогорулатууну талап кылышы мүмкүн. Ал эми салыктардын жогорулашы ИДПнын өсүшүн шартташы ыктымал", — деп белгиленген документте.
Бирок авторлордун пикиринде, үзгүлтүккө учуратуу процессинин дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнө бут тосуу тобокелдиги бар.
"Финансы, соода, технология жана башка тармактарда атаандашкан ар кыл макрозоналар түптөлөт. Буга байланышкан геоэкономикалык тренддер дүйнөлүк ИДПнын өсүшүн кадимкидей жайлатат, компаниялардын рентабилдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана ири экономикалардагы инфляциянын арбышын шарттайт", — деп айтылган документте.