УКМК: Чүйдөгү тоок фабрикада мыйзамсыз иштеген 45 чет өлкөлүк депортацияланат

Маалыматта эмгек мигранттарынын визасынын мөөнөтү өтүп кеткени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Чүй облусундагы тоок фабрикасында мыйзамсыз иштеп жүргөн 45 чет өлкөлүк жаран аныкталып, депортацияга даярдалып жатканын УКМК билдирди.
Маалыматта эмгек мигранттарынын визасынын мөөнөтү өтүп кеткени айтылат. Аныкталган 45 кишинин 12си Пакистандын жарандары болсо, 33ү бангладештик.
"Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан ары Кыргызстандын аймагынан депортацияланат", — деп айтылат кабарда.
УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырган.
Министрлик Европада ишке орноштурган компаниянын ишин токтотту