Руханий, көөнөрбөс байлыктарды арттыралы. Жапаровдун кайрылуусу

Мамлекет башчы Кыргызстанда жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Конституция баштаган мыйзамдарыбызда Кыргызстанда ар бир жаран этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ташка тамга баскандай бадырайып жазылып турат. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан элинин ассамблеясынын X жыйынынын делегаттарына жолдогон кайрылуусунда айтылган.
Аны иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.
Кайрылууда бүгүнкү күндө 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрү Кыргызстандын жалпы элин түзүп, мамлекеттин жетишкендиктерине чогуу кубанып, өткөөл кездерде башка түшкөн кыйынчылыктарды чогуу жеңип, ыйык Ала-Тоодо ынтымакта, достукта, биримдикте кол кармаша жашап келе жатканын белгилеген.
Мамлекет башчы Кыргызстанда жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айткан.
Жапаров бүгүнкү күндө Ассамблеянын ишмердүүлүгү мамлекеттик деңгээлде чечилип, мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканына токтолду.
"Кыргызстанда жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айта кетейин. Ошону менен бирге орус тили расмий тил катары өзүнүн маанилүү ролун улантат. "Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген накыл кептегидей, тил аркылуу биз элибиздин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий байлыктарын, көөнөрбөс баалуулуктарын арттыруубуз зарыл", — деген ал.
Өлкө башчы көп тилдүүлүк бүгүнкү замандын талабы экенин ла белгилеген.
"Кыргыз жаранын мамлекеттик тилде, өзүнүн эне тилинде, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүү жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү бул заман талабы экени жадыбызда болушу керек", — деген Жапаров кайрылуусунда.
"Кыргыз жараны" — жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы. Бул документтин түпкү максаттарынын бири — өлкө элинин биримдигин жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо.
Садыр Жапаров: орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес