Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Севастополго жасалган чабуул. РФ ТИМи АКШ элчиси Линн Трейсини чакыртты

Жолугушуунун жүрүшүндө АКШ Россияга карата гибриддик согуш жүргүзүп, жаңжалдын тарапташы болуп калганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШнын Россиядагы элчиси Линн Трейси РФ ТИМине чакыртылып, дипломатиялык эскертүү берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, бул кадам Вашингтон куралдандырган Киев режиминин Севастополдун жай тургундарына карата ракеталык сокку урган "кандуу кылмышына" байланыштуу жасалган.
Жолугушуунун жүрүшүндө АКШ Россияга карата гибриддик согуш жүргүзүп жаңжалдын тарапташы болуп калганы белгиленген. Ошондой эле украин күчтөрүн заманбап курал менен камсыздап, бутага алууга көмөктөшүп, алар бул кылмыш үчүн Киев режими менен бирдей жоопкерчиликте экени айтылган.
"Элчиге Вашингтондун Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берип Украинанын нацисттик бийлигин "акыркы украиналыкка" чейин согушууга шыкактоосу жазасыз калбай турганы айтылды. Жооп иретинде тийиштүү чаралар көрүлөт", — деп айтылат РФ ТИМинин маалыматында.
Эске салсак, Киевдин террордук чабуулу жекшемби күнү болгон. Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырап жарылчу беш ATACMS ракетасы менен Севастополго чабуул жасаганга аракет кылган. Россиялык тиешелүү күчтөр алардын төртөөнү атып түшүрүп, бирок бирөө абадан коргонуучу системасына кыйгап барып, шаардын үстүнөн жарылган. Терактыдан төрт киши көз жумган, алардын экөө балдар экени айтылды. Ал эми 151 адам жаракат алып, 82си ооруканага жаткырылган. Крым Республикасы менен Севастополдо бүгүн аза күтүү күнү.
Коргоо министрлигинен Киевдин бул чабуулуна Кошмо Штаттар Украина бийлиги менен катар эле жоопкер экенин айтышты. Алар ATACMS ракеталары боюнча ыкчам-тактикалык тапшырманы америкалык адистер өздөрүнүн спутниктен жасалган чалгыны боюнча жасашарын белгилешкен.
Сергей Лавров: Крым менен Севастополь кимге таандык деген суроо жабылган