Россия менен Абхазиянын чек арасында атышуу болуп, бир адам көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россия менен Абхазиянын чек арасындагы Псоу өткөрмө бекетинде атышуу болуп, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Абхазиянын Гагра районунун прокуратурасына шилетеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 23-июнь күнү түштөн кийин болгон. Атышуудан Абхазиянын бир жараны каза болуп, үчөө (биринин жашы жете элек) жаракат алган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнү Гагра райондук прокуратурасы жүргүзүүдө.
Республиканын ички иштер министри Роберт Киут жаңжалдын бардык катышуучулары Абхазиянын жарандары экенин белгилеп, окуяга тиешеси барлар изделип жатканын маалымдады.
Дагестан аза күтүүдө. Терактыдан полициянын 15 кызматкери набыт болду