ИИМ кинологдору менен кызматтык иттер Россияда окутуудан өтөт

Пайдалуу тажрыйба жана керектүү маалымат алмашуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору окутуудан өтүп, ал эми алардын иттери Россия ИИМинин Кинологиялык камсыздоо борборунда машыгат.
Бүгүн министрдин орун басары Нурбек Абдиев менен аталган борбордун жетекчиси Роман Зайцев алдыдагы программаны талкуулашты.
Кызматтык иттерди окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кинологиялык кызматтардын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында пайдалуу тажрыйба жана керектүү маалыматтар менен алмашуу болору белгиленди.
Радио
Кыргыз тайганынын стандартын сактоо ишине көңүл бурулат