Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары

NYT: Путиндин Түндүк Корея менен Вьетнамга барышы АКШнын "жаалын келтирди"

Макалада Вьетнамдын АКШ үчүн эле эмес, таасир талашкан Кытай үчүн да мааниси артып бара жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Түндүк Корея менен Вьетнамга жасаган сапары АКШнын "жинин келтиргенин" New York Times жазды.
Басылма Американын Япониядагы эчиси Рам Эмануэлдин "россиялык лидердин турнеси АКШ катуу кооптонгон көрүнүштөрдүн бири эле" деп айткан сөзүн мисал келтирген. Дипломат Путин бул сапары менен Вашингтондун "кол жетпеген" мамлекеттерин Россия бириктирип, өзү башында болорун ачык айтты деген пикирин билдирген эле.
"Азиядагы төрт күн. Россия президенти Владимир Путинге АКШнын жаалын келтирүүгө төрт күн жетиштүү болду", — деп жазган автор.
Муну менен бирге макалада Вьетнамдын АКШ үчүн эле эмес, таасир талашкан Кытай үчүн да мааниси артып бара жатканы белгиленген.
Гезит Путиндин визити Вашингтон үчүн Тайвань менен Түштүк Кытай деңизиндеги абалдын курчушунан тышкары, Азия регионунан болчу кооптуулуктарды жогорулатарын жазды.
Буга чейин РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов "Владимир Путиндин КЭДР менен Вьетнамга барышы Американын үстөмдүк менен санкция саясатынын суу кечпей калганын көрсөттү" деген эле.
Путин Түндүк Корея менен Вьетнамга болгон сапарынын жыйынтыгын чыгарды