Польша Беларусь менен чек арасын толук жабууга даярданып жатат

Польшалык министрдин айтымында, ушу тапта чек араны жабуу өлкө экономикасына кандайча таасир этери иликтенүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Польша Беларусь менен чек арасын толук жабууга камданып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Радослав Сикорский TVN телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
Чиновниктин билдиргенине караганда, ушу тапта Варшава чек араны жабуу өлкө экономикасына кандай таасир этерин иликтеп жатат.
"Беларусь тараптын аракеттеринен улам бардык чек ара өтмөктөрүн жабуу жолун карап жатабыз", — деген Сикорский.
Бүгүнкү күндө Польша менен Беларустун ортосунда адамдарды өткөргөн бир, жүк өткөргөн эки өтмөк иштейт.
Акыркы убактарда польшалык чек арачылар дээрлик күн сайын Беларусь менен чектешкен жердеги темир тосмонун артында турган мигранттардын катаал мамилеси тууралуу маалымдап келишет. Мында кеп күч түзүмдөрүн ташка алуу тууралуу болуп жатат. Күн сайын тосмого 200дөй адам чабуул коюп жатканы айтылууда. Жакында эле мигранттардын бири чек арадан өтөм деп польшалык чек арачыга бычак уруп, натыйжада жоокер каза болуп калган.
Польша 13-июндан тарта Беларусь менен чектешкен жерине 60 чакырымга созулган буфердик зона орноткон болчу. Анын 44 чакырымында чек ара сызыгына 200 метрге, 16 чакырымында эки километрге чейин жакын келүүгө болбойт.
Беларустун Мамлекеттик чек ара комитети польшалык чек арачылардын мигранттарга жасаган орой мамилеси тууралуу бир нече ирет кабарлаган. Ал эми буфердик зона орногондон бери Польшанын күч түзүмдөрү качкындарга желим ок чыгара баштаганы айтылууда.
ТИМ: НАТО РФ менен чектешкен өлкөлөрдө киберлабораторияларды түзүүдө