Эмгек министрлиги аралыктан иштегендер үчүн долбоор иштеп чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу тартиби долбоорун иштеп чыкты.
Ага ылайык, эгер кызматкер онлайн иштегенде өзүнүн же ижарага алган жабдууларды колдонсо (сыягы, кеп техника жөнүндө да болуп жаткандай) иш берген тарап ага компенсация төлөшү керек.
Бул төлөмдөрдүн өлчөмүн эмгек келишими же ага кошумча макулдашуу менен аныктоо сунушталууда.
Кадрларды таап, окутуп беребиз. Министрлик жумушчу издегендерге кайрылды