24-июнга карата аба ырайы

24-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 24-июнь, дүйшөмбүдө, айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+33, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын аймагында +16...+21, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +30...+35 градус ысык болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп, күндүн табы +31...+33 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +33...+35 градус жылуу болот. Ал эми Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, +21...+23 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Ата-энелер балдардын коопсуздугун сактоо үчүн эмнелерди билиши керек