Бишкектин борборунда Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги ачылды

Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына, Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды.
Аземге министрлер кабинетинин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына, Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган.
1 / 5

Бишкектин борборунда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

2 / 5

Аземге министрлер кабинетинин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлдөрү жана башкалар катышты

3 / 5

Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына, Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган

4 / 5

Белгилей кетсек, бул Чокморовдун эстелигинин экинчи версиясы. Биринчиси 2017-жылы коюлган. Скульптор Алмаз Кожегуловдун колунан чыккан эмгек коомчулуктун көбүнө жаккан эмес, ал тургай бир катарлары Чокморовдун элеси таптакыр башкача болуп калгандыгын айтышкан.

5 / 5

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд эстеликти чыгармачыл тажрыйба катары кароого аргасыз болуп, актердун жаңы айкелин жасоого башка скульпторлорду караштыра баштаган

Белгилей кетсек, бул Чокморовдун эстелигинин экинчи версиясы. Биринчиси 2017-жылы коюлган. Скульптор Алмаз Кожегуловдун колунан чыккан эмгек коомчулуктун көбүнө жаккан эмес, ал тургай бир катарлары Чокморовдун элеси таптакыр башкача болуп калгандыгын айтышкан.
Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд эстеликти чыгармачыл тажрыйба катары кароого аргасыз болуп, актердун жаңы айкелин жасоого башка скульпторлорду караштыра баштаган. Жаңысын скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып, 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы Сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн.
Актёрлук эмгек жолунда 20дан ашык образ жараткан. Ал ошондой эле Манастын, Чыңгыз хандын, кубалык Че Геваранын ролун аткарууну кыялданган. Залкар талант узакка созулган оорудан улам 1992-жылы 26-сентябрда 52 жашында дүйнө салган.
Жөнөкөйлүгүнөн жазбады. Сүймөнкул Чокморовдун агасынын эскерүүсү