Эки өлкө Кыргызстандын 120 млн. доллар карызын кечиши күтүлүп жатат

Президент тышкы карызды "Жашыл экономикага" алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Эки өлкө 120 миллион доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигиндеги маегинде билдирди.
Бул жылдын аягына чейин ишке ашышы мүмкүн. Ал эми карызды жабууга жумшалчу акча "Жашыл экономика" долбооруна сарпталат.

“Жашыл экономикага" өтүү боюнча Кыргызстан алдыда кетип бара жатабыз десем жаңылышпаймын. Өлкө боюнча 60тан ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Күндөн, шамалдан энергия алуучу станциялар курулуп жатат. Электромобиль чыгара турган завод быйыл ишке кирет”, — деген Жапаров.

Президент тышкы карызды "Жашыл экономикага" алмаштыруу боюнча бир топ өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров: азыр алынып жаткан карыздар элдин эсебинен төлөнбөйт