Дарыгер Кыргызстанда чоңдор кайсы ооруларга каршы эмделиши керектигин айтты

Медик тизмектеген вакциналарды сайдырыш үчүн алгач үй-бүлөлүк дарыгердин уруксатын алыш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Иммунолог Бурул Асыкбекова вакцинация боюнча улуттук календарга ылайык, коркунучтуу ооруларга каршы балдар эле эмес, чоңдор да эмделиши керектигин Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, дифтерия жана селеймеге каршы жасалган АДСМ деп аталган вакцина календарь боюнча 11,16 жашта жасалат. Негизи аны адам 10 жылда бир алып турушу керек.
"Буга чейин вакцинацияны диний ишенимден улам жасатышпаса, акыркы убакта адамдар вакциналардын сапатынан күмөн санашат же аларды алуу керектигин билишпейт. Айрымдар акыркы 10 жылда Кыргызстанда дифтерия катталбаса эмделип кереги жок деп ойлойт. Ооба, азыр өлкөдө бул оору жок. Бирок аны кимдир бирөө коңшу мамлекеттерден жугузуп келбейт деген кепилдик да жок", — деген медик.
Ал бир нече жыл мурда селеймеден кичинекей кыз каза болгонун эскертип, эмделбеген адам өмүрүн тобокелге саларын белгилеген.
"Былтыртан бери 2001-жылга чейин төрөлгөндөр В гепатитине каршы эмделе баштаган. Негизи биз балдарды бул ооруга каршы эмдөөнү 2001-жылы киргизгенбиз, андан бери ооругандар 40 эсеге азайган. Бул вакцинаны үч жолу алыш керек. Көбү биринчисин алышат да, калганына келбей коюшат. Балалуу болом деген аялдар да кызылча, кызамыкка каршы вакцина алып койсо болот", — деген иммунолог.
Дарыгер бул вакциналарды жашаган жериндеги медициналык жайлардан сайдырса болорун белгиледи. Ал үчүн алгач үй-бүлөлүк дарыгерлерден вакцинацияга уруксат алып, анан барыш керек.
Милдеттүү эмделе тургандардын тизмесин толуктоо сунушталды