Бишкекте 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкекте күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

“Жер титирөө саат 23:10до болуп, Бишкекте 3,5 балл, Кант шаарында 3 баллга сезилген”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы сейсмолог Канат Абдрахматов бардыгы жайында экенин жазды. Анын айтымында, бул кадимки нормага ылайык "сейсмикалык аба ырайы" болуп саналат.
Кыргызстандын кайсы жерлеринде жер титирөө сезилди?