Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөр мамлекетке кайтарылган жерлерге курулууда

Жалал-Абад шаары жана Сузак айылында 4 миллиард сомдук жалпы аянты 22 гектар жер мамлекетке кайтарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекетке кайтарылган жерлерге ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.
1 / 3

Жалал-Абадда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекетке кайтарылган жерлерге ипотекалык үйлөр курулууда

2 / 3

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаары жана Сузак айылында 4 миллиард 170,4 миллион сомдук жалпы аянты 22 гектар жер мамлекетке кайтарылган

3 / 3

Аларга Мамлекеттик ипотекалык компания 10 турак жай комплексин куруп жатат

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаары жана Сузак айылында 4 миллиард 170,4 миллион сомдук жалпы аянты 22 гектар жер мамлекетке кайтарылган. Аларга Мамлекеттик ипотекалык компания 10 турак жай комплексин куруп жатат.
"Турак жай комплекстердин жалпы аянты 424 миң 478 чарчы метрди түзүп, 6 610 батир болору пландаштырылууда. Мындан тышкары, балдар ойноочу жай жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) сыяктуу жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура каралган", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле бул аймакка университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалганы кошумчаланды.
Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулуп жатканын билдирген.
Радио
Үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылды