ШКУнун энергетика министрлери 2030-жылга чейин кызматташуу стратегиясын жактырышты

Документ ШКУ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки энергетика тармагындагы кызматташуусунун негизги багыттарын аныктай турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлери Астанада өткөн жыйындын соңунда кызматташтыкты өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун жактырышты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Документ ШКУ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки энергетика тармагындагы кызматташуусунун негизги багыттарын аныктай турганы айтылган. Анын ичинде:
энергетикалык ресурстардын транзиттик потенциалын өнүктүрүү жана экспорттук каттамдарды диверсификациялоо мүмкүнчүлүгү;
жаңы энергетикалык системаны түзүү;
салттуу энергия булактарын модернизациялоо, тармакты системалуу жакшыртуу;
энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында инновациялык технологияларды жана илимди өнүктүрүү, суутек энергетикасын өнүктүрүү;
энергияны үнөмдөө жана натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында жаңы чечимдерди издөө.
"Бекитилген стратегияда ШКУ өлкөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салттуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү боюнча консенсуска келдик", — деди Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев.
Министрлер ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн энергетиканын туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган жаңы ыкмаларды жана конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Ошондой эле глобалдык жана аймактык энергетикалык күн тартибинин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, аталган тармакка инвестиция тартуу жана каржылоо талкууланган.
Документке 3-4-июлда Астанада өтө турган ШКУнун саммитинин алкагында кол коюлары пландалууда.
Казакстанда ШКУ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жыйын өткөрүүдө