Окуучулар Россия, Беларуска барып согуш ардагерлерин эскеришет

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бүгүн Беларустун Брест шаарында "Эскерүү поезди" эл аралык маданий-билим берүү долбооруна старт берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорго Кыргызстандан дагы окуучулар катышат.
"Катышуу үчүн Кыргызстандан окуудагы, чыгармачылык сынактардагы ийгиликтери, тарых боюнча облустук, республикалык олимпиадалардагы жеңиштери, мектептеги ыктыярчылыгы менен айырмаланган 10-класстын 15 окуучусу тандалып алынган", — деп жазылат маалыматта.
Долбоордун 205 катышуучусу Беларусь жана Россиянын шаарларына барып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларын эскеришет.
150 баланын атын жатка билген Токтогон Алтыбасарова. Эскерүү маеги