Грузия премьери Кытай менен кызматташканын сындаган АКШга жооп берди

Былтыр Грузия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизген, ал эми быйыл майда Кытай аймагына грузиялыктарды визасы жок эле кое берген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкө жетекчилигинин Кытай компаниялары менен кызматташканына батыш өнөктөштөрүнүн сын пикирин кош стандарт деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын Грузиядагы элчиси Робин Даниган Кытайдын Коммунисттик партиясы Грузияда биринчи ирет тереңдикте салына турган Анаклия портун курган компаниянын ири пакетине ээ экендигин билдирген. Анын айтымында, Кытайдын Коммунисттик партиясы Россиянын армиясын да каржылайт.
"АКШнын элчиси туурасында айтсам, ага урматымды дагы бир ирет билдирем жана грузин-америка алкаларынын жакшырышына өзүнүн зор салымын кошот деп ишенем. Ал эми жалпы эле Кытай темасына келсек, конкреттүү өнөктөштөрдүн мамилесин адилетсиз деп эсептейм. Кытай Европа биримдигинин, АКШнын маанилүү өнөктөшү экенин баары билет. Мындай шартта Грузияны Кытай менен тереңге кеткен экономикалык мамиледе деп күнөөлөгөнүн угуп жатабыз. Бул — биз кабыл ала албай турган кош стандарт", — деген Кобахидзе журналисттерге.
2023-жылы Тбилиси менен Пекин стратегиялык өнөктөштүккө кадам таштаган. Былтыр Грузия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизген, ал эми быйыл майда Кытай өзүнүн аймагына грузиялыктарды визасы жок эле кое берген.
Кытай Грузиянын башкы соода өнөктөштөрүнүн катарында турат.
АКШнын эки окуяга тандап жасаган мамилеси туурасында Захарованын билдирүүсү