Диетолог ашыкча тердебеш үчүн кайсы азыктарды жеш керектигин айтты

Адис мүмкүн болушунча жашылча-жемиш, көк чөптөрдү көп жеш керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кайсы азыктар көп тердебөөгө жана кескин жыттын чыкпашына жардам берет? Бул суроого диетолог Людмила Микитюк Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берген.
Айтымында, адегенде эле кофени чөп чайларга алмаштыруу керек. Кофеин нерв системаларын активдештирип, тердин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Ал эми шалфей тескерисинче, денени, организмди тынчтандырып, көп тердөөнү алдын алат.

"Кадимки сууга бир кесим лимон кошуп ичсе да киши көп тердебей калат. Мындан тышкары, курамында суу көп азыктарды жеген туура. Мисалы, буларга коон, дарбыз, шабдалы жана башка мөмөлөр кирет. Калий, магний, натрийге бай азыктарды рационго кошуу сунушталат. Ошондой эле күнүмдүк тамак-аштын курамында жашылча-жемиш канчалык көп болсо тер кескин жыттанбайт. Тамактанууда кумшекер, алкоголдук ичимдик, газдалган суусундук, куурулган азыктар, трансмайлар, тез даярдалчу азыктар жок болсо тамак-аш ошончолук жеңил болот. Сельдерей, бадыраң, кабачок, түрдүү көк чөптөр азыкты жеңилдетип, адамдын көп тердешин алдын алат", – деген кеңешин берген Людмила Микитюк.

Кээде коңурук тартып каласызбы? Диетолог себебин түшүндүрдү