Тыгын, асма жол, унааларга чектөө. Бишкек мэри ЖК депутаттарына маалымат берүүдө

Бүгүн парламентте "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" фракцияларынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин депутаттарына калаада жасалып жаткан жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди.
Бүгүн парламентте "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" фракцияларынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүүдө.
Мэрдин сөзүнүн урунттуу учурлары:
Бишкекте расмий 1 миллион 165 миң адам жашайт, бирок мектеп, бала бакча, жолдордун жүктөмүнө караганда Бишкекте 1,5 миллиондой, кошулган айылдар менен 2 миллионго жакын адам болуп калууда;
быйыл шаардын консолидацияланган бүджетинин киреше бөлүгүн (кошулган айылдарды эске алуу менен) 32,5 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Бул былтыркыдан 10,6 миллиард сомго көп;
тыгын маселесин чечүү үчүн жол куруу жетишсиз, айрым чектөөлөрдү киргизүү зарыл;
троллейбустук линиялардын 70 пайызы эскирген жана аны жаңылоо кымбатка түшөт. Ошондуктан бул транспорттун түрү электробустарга алмаштырылат. Чоң айлампа троллейбустук линияны (Ч.Айтматов проспекти, Ахунбаев, Курманжан датка көчөсү, Жибек Жолу проспекти) калтыруу пландалууда. Ал эми 152 тролейбустун 100ү Ош шаарына берилет;
Манас проспекти аркылуу (Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин) 6 чакырымдык асма жол курулат. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Асма жол 50 миңден 100 миңге чейин жүргүнчүнү тейлей тураганы болжолдонууда;
шаардын борбор жагына жеке унаалар менен кирүүнү чектөө ыкмасы дагы талданууда. Мындан тышкары, "алтын квадратта" унаа токтотуу үчүн бааларды көтөрүү жолу дагы каралып жатат;
мэрия кызматкерлери шейшемби жана бейшемби күнү муниципалдык транспорт менен жумушка келүүдө. 11 миң кызматкердин ар бир экинчиси унаасын токтотсо, 5 миңдей машина азаюуда (сандар болжолдуу). Мындай "эстафетаны" башка мекемелер да улантса жакшы болмок;
тыгындар саат 7:30 — 8:30, 12:00 — 14:00, 17:30 — 19:30да көп болот. Ошондуктан мектептерде окууну 8ге чейин, ал эми ЖОЖдордо 10дон кийин баштоо сунушталууда;
таза сууну рационалдуу пайдалануу максатында жаңы конуштарда "акылдуу эсептегичтерди" киргизүү пландалууда;
жыл соңуна чейин Бишкекке кошулган айылдарда коммуналдык кызматтардын тарифи көтөрүлбөйт;
жергиликтүү бюджеттен социалдык объектилерди курууга 3,5 миллиард сом, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга 1,6 миллиард сом, ал эми коммуналдык кызматтарга атайын техника сатып алууга бир миллиард сом бөлүндү.
Бишкектеги буздурулган "Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулат. Эскиз