22-июнга карата аба ырайы

22-июнга караган түнү айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 22-июнь, ишембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36 градус ысык, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +22...+24 градус жылуу болот.
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга бааланууда