БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 19-июнундагы жыйынында Эсеп палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды.
Жыйында мекеменин төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берген.
Маалыматка ылайык, былтыр Эсептөө палатасы 10,8 миллиард сомдук финансылык тартип бузууларды аныктаган. Анын ичинен 4 миллиард сом же 37 пайызы калыбына келтирилген.
Бузуулардын түрлөрү боюнча төмөнкүлөр аныкталган:
бюджет долбоорлорун түзүүдө жана кароодо кетирилген бузуулардын жалпы суммасы 11,3 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен 9 миллион сому же 80 пайызы жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча аныкталган;
бюджет тутумунун жана мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъектилердин бюджеттерин аткаруудагы бузуулардын жана кемчиликтердин жалпы суммасы 7,4 миллиард сомду түзгөн;
мамлекеттин мүлкүн колдонуудагы бузуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 1,2 миллиард сомду түзгөн. Классификациянын бул түрү боюнча бузуулардын 782,5 миллион сому же 65 пайызы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар ээлейт;
эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулардын жалпы суммасы 2,1 миллард сомду түзгөн;
мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма 72,6 миллион сомду түзгөн;
ченемдик-укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин бузууларынын суммасы 895,9 миң сомду түзгөн.
Талкуу маалында депутаттар Эсеп палатасынын ишмердүүлүгү боюнча суроолорду узатып, көзөмөлдү жакшыртуу зарылдыгын белгилешти. Алсак, эл өкүлү Гуля Кожокулова Эсеп палатасынын материалдарынын негизинде канча кылмыш иши козголгонуна кызыкты. Буга башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева жооп кылып, жалпы 68 материал жөнөтүлгөнүн, анын негизинде 23 прокурордук акт келтирилип, 6,6 миллион сом зыяндын орду толтурулганын билдирди.
Жыйынтыгында Эсеп палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылды.