Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Вьетнамга барды. Видео

РФ лидери буга чейин Корея Элдик Демократиялык Республикасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Вьетнамга барды.
РИА Новости кабарлагандай, РФ лидерин Нойбай аэропортунан Россия менен Вьетнамдын өкмөт аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу комиссиясынын вьетнамдык бөлүгүнүн төрагасы Чан Хонг Ха, Борбордук комитеттин катчысы, Эл аралык комиссиянын башчысы Ле Хоай Чунг жана тышкы иштер министринин орун басары Ле Тхи Тху Ханг тосуп алган.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков визит эки күнгө (19-20-июнь) созуларын, негизги бөлүгү бүгүнкүгө туура келерин билдирди.
Путин Вьетнамдын жогорку жетекчилиги — Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин башкы катчысы Нгуен Фу Чонг, президент То Лам, премьер-министр Фам Минь Тин жана Улуттук жыйындын төрагасы Чон Тхань Ман менен жолугушат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун принциптерин тастыктаган биргелешкен билдирүү кабыл алынары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Путиндин советтик жана россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, Хо Ши Миндин мавзолейине гүлчамбар коеру айтылды.
Путин: Россия Вьетнамды пикирлеш мамлекет катары көрөт