Вьетнам көз карандысыздык үчүн күрөштө Россиянын колдоосун унутпайт

Вьетнам Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана достукту өнүктүрүүгө өзгөчө маани берери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Вьетнамдын көз карандысыздык үчүн күрөшүндө Россиянын колдоосун унутпайбыз. Бул тууралуу президент То Лам Владимир Путин менен орус-вьетнам сүйлөшүүлөрү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Вьетнам Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң маани берип, аны тышкы саясаттагы артыкчылык катары эсептейт.
"Биздин көз карандысыздык үчүн күрөштө орус эли Вьетнамга көрсөткөн жардамын жана колдоосун ар дайым ыраазычылык менен эстейбиз. Вьетнам тышкы саясатты өз алдынча жана көз карандысыз жүргүзөт. Бирок ошол эле учурда Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана достукту өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз", — деди То Лам.
Өлкө башчысы сүйлөшүүлөрдө Вьетнам менен Россиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоону күтөрүн кошумчалады.
Вьетнам президенти: Россиянын эл аралык аренадагы позициясы чыңдалууда