Вьетнам президенти: Россиянын эл аралык аренадагы позициясы чыңдалууда

То Лам Путинге эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия Федерациясынын эл аралык аренадагы позициясы чыңдалып жатат. Мындай пикирин Вьетнамдын президенти То Лам Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү ачып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Путиндин жетекчилиги астында Россияда саясий жана социалдык туруктуулук чыңдалып, экономика жигердүү өнүгүп, калктын жашоосу жакшырып жатканына кубанычта экенин белгиледи.
То Лам Путинди соңку президенттик шайлоодо калктын абсолюттук колдоосуна ээ болгондугу менен куттуктады. Анын айтымында, бул өлкө элинин жеке Владимир Путинге ишениминин өтө жогору экендигинен кабар берет.
"Мен бул багыт Россияны мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем", — деди өлкө башчысы.
Ал ошондой эле Вьетнамдын президенти болуп шайланганда орус лидеринен келген жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирди.
"Биздин элибиз эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет. Кызматташтыкты колдогонуңуз үчүн абдан ыраазыбыз", — деди То Лам.
Кызматташтык күчөйт. Путин Вьетнамдын президентине эмнелерди айтты