Кызматташтык күчөйт. Путин Вьетнамдын президентине эмнелерди айтты

Путин Вьетнам президенти То Ламды Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө Москвага чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Вьетнам менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо Россиянын артыкчылыктуу багыттарына кирет. Бул тууралуу Владимир Путин Вьетнамдын президенти То Лам менен сүйлөшүү жүргүзүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
РФ лидери бул күндөрү достук мамилелер жөнүндөгү келишимдин 30 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.
"Ушул мезгил аралыгында биз парламенттер, министрликтер, ведомстволор, партиялар, аймактар жана коомдук уюмдар аркылуу мазмундуу саясий байланыштарды жүргүздүк. Соода-экономикалык байланыштар прогрессивдүү өнүгүп жатат. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 8 пайызга өстү. Буга ЕврАзЭС менен Вьетнамдын ортосундагы 2015-жылдагы эркин соода келишиминин ишке ашырылышы да салым кошууда", — деди Путин.
Ал ошондой эле Россия Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү (АСЕАН) менен диалогду өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.
Путиндин айтымында, келерки жылы Россия бир нече маанилүү даталарды, анын ичинде дипломатиялык мамилелердин орношунун 75 жылдыгын жана Түштүк Вьетнамдын боштондугунун 50 жылдыгын белгилейт. Путин Вьетнам президенти То Ламды Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө Москвага чакырды.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) 10 мамлекет: Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Таиланд жана Филиппин кирет. 1996-жылдан бери Россия АСЕАНдын толук кандуу диалогдук өнөктөшү болуп саналат.
Медведев: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ЕАЭБ менен кызматташууга кызыгуусу өсүүдө