ЖМК: ажылыкка барып Сауд Арабияда көз жумгандардын саны 1000ден ашты

Кыргызстандын муфтияты Меккедеги зыяратчылардын абалы жакшы экенин, дарыгерлер иштеп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Сауд Арабияга ажылыкка барып, көз жумгандардын саны миңден ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Каза болгондордун жарымынан көбү каттоодон өтпөй баргандар экени белгиленген.
"Быйыл ажылык учурунда каза болгондордун саны 1000ден ашты", — деп жазылат маалыматта.
Учурда Меккеде абанын температурасы 51 градустан жогору экени, зыяратчылар үчүн суу, кондиционерлер жеткиликсиз болуп жатканы айтылат. Синоптиктер алдыдагы дүйшөмбү күнү Меккеде абанын температурасы +45 градуска чейин жетерин божомолдоп жатат.
Кыргызстандын муфтияты Меккедеги зыяратчылардын абалы жакшы экенин, дарыгерлер иштеп жатканын жана алардын биринчи тобу эки күндөн кийин "Ош" аэропортуна келерин билдирди.
Сауд Арабияда ажыга барган 500дөн ашуун зыяратчы каза болгону айтылууда