Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва Вьетнамдын украин чатагын чечүүдө жардам берүүгө даярдыгын кубаттайт

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия Вьетнамдын Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда жардам берүүгө даярдыгын кубаттайт. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Вьетнам чыр-чатакты тынчтык жана коопсуз чечүүнүн жолдорун издөөгө кошулууга даяр, бул тууралуу орус-вьетнам келишиминин ишке ашырылышынын 30 жылдыгынын алкагында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
"Россия Вьетнамдын жаңжалды тынчтык жана ишенимдүү чечүү жолдорун табууга кызыкдар тараптардын катышуусу менен күч-аракетин жумшоого даярдыгын кубаттайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Путин: эл аралык маселелер боюнча Вьетнамдын салмактуу позициясын баалайбыз